
























🎉 Бишкек 147 жылдыгын белгиледи.
🏛️ Иш-чара Бишкек Баатырдын эстелиги жанында өтүп, ага мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсеналиев жана башка ардактуу коноктор катышты.
🎭 Театралдаштырылган пролог көрсөтүлүп, муниципалитеттин негизги жетишкендиктери жана быйылкы жылга пландары тууралуу видеоролик тартууланды.
👥 Мэр Айбек Жунушалиев шаардыктардын салымын баса белгилеп, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев жана Абдылас Малдыбаев сыяктуу көрүнүктүү инсандарды эскерди.
🏅 Бишкек Баатырдын урпагы, академик Карыпбек Алымкулов «Бишкек Баатыр» белгиси менен сыйланды.
⌚ Жаныл Түмөнбаевага жана башка эмгек сиңирген адамдарга мэриянын атынан сыйлыктар тапшырылды.
🎶 Иш-чара концерттик программа менен уланды.