🗳️ Бишкекте жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо коопсуздукту камсыз кылышууда.
👮♂️ Коомдук тартипти сактоого 3 миңден ашык милиция кызматкерлери жана 1000 элдик күзөтчүлөр тартылган.
🗺️ Борбор калаада добуш берүү үчүн 272 участкалык шайлоо комиссиясы ачылды.
🕒 Милиция кызматкерлери күнү-түнү иштеп, шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыз кылууда.
✅ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев шайлоого активдүү катышып, жетекчилерден биринчи болуп шайлоо участогуна келип добуш берди;
🌟 Жалпысынан шайлоонун алдында Бишкекте туруктуу кырдаал сакталууда.