🎉 Бишкекте “Шаттык” элдик үлгүлүү ансамблинин 30 жылдык мааракеси белгиленди.
🎶 Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев ансамблди мааракеси менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерине тилектештигин билдирди.
💃 Ансамблдин студенттери көрүүчүлөрдүн купулуна толгон “Көчмөндөр ааламы”, “Сардар кыз”, “Жайлоодогу майрам” аттуу жаркын бий номерлерин тартуулашты.
🏅 Юбилейдиң урматына ансамблдин негиздөөчүсү Латыпов Эрик Вильдановичке ак эмгеги үчүн мэриянын күмүш белгиси тапшырылды.
📜 Ошондой эле ансамблдин ишмердүүлүгүнө кошкон салымы үчүн костюмер Гүлбарчын Жапаровна менен коштоочу Анара Таштанбековнага Ардак грамоталар тапшырылды.
🌟 “Шаттык” ансамбли отуз жылдан бери маанилүү иш-чараларга активдүү катышып, көрүүчүлөрдү чеберчилиги жана чыгармачылыгы менен кубандырып келет.