🚨 Бишкекте адам сатууга жана сойкулукка каршы рейд болуп өттү.
👮♂️ “Сташ” деп аталган иш-чаранын жүрүшүндө борбор калаанын милициясы адам сатуу жана порнографиялык продукцияны жайылтуу менен байланышкан кылмыштардын алдын алууга аракеттенди.
👩🔧 Рейддин жыйынтыгында сойкулук менен алектенген 50дөн ашык кыздар кармалып, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.
📜 Кармалган жарандар менен адеп-ахлак нормаларын сактоо жана коомдо мындай көрүнүштөргө жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
🏢 Ошондой эле көп батирлүү турак жайларды текшерүү иштери жүрүп, батирлер кандай максатта колдонулуп жатканын аныктоо иштери жүрүп жатат.
🔍 Мындай иш-чаралар коомдук коопсуздукту жакшыртууга жана коомдо моралдык нормаларды сактоого багытталган.