Бишкекте Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.

Бишкекте Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган китеп жана фото көргөзмө ачылды. Анын согуштагы жана адабияттагы эмгеги, ошондой эле кыргыз поэзиясына кошкон салымы даңазаланды.

📚 Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган китеп жана сүрөт көргөзмөсү Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада ачылды.

🎨 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, акындар, жазуучулар, маданият ишмерлери жана коомчулук катышты.

🖋️ Сооронбай Жусуевдин өмүр жолу — бул биздин сыймыгыбыз жана келечек муундар үчүн үлгү. Жаш кезинде ал согуш талаасында мекенин коргоп, кийин кыргыз поэзиясында өчпөс из калтырган.

📖 Акындын алгачкы ырлары согушта, 18 жашында жазылган. Анын “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” жана “Биз жеңишчил” ырлары согуш темасына арналган. Андан кийин ал сүйүү, тынчтык жана эмгек тууралуу ырларды жазган.

🎼 Жусуевдин 70тен ашуун ыры композиторлор тарабынан обонго салынып, анын чыгармалары казак, өзбек, украин, азербайжан тилдерине которулган. Ал ошондой эле дүйнөлүк жана орус классиктеринин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

🏅 Көргөзмөдө акындын китептери, кол жазмалары, жеке сүрөттөрү жана сыйлыктары, ошондой эле анын чыгармачылыгына арналган сүрөтчүлөрдүн эмгектери жана тематикалык инсталляциялар көрсөтүлүүдө.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x