

[adrotate_integration id=”2″]
🌿 Бишкектеги темир жолдордун айланасын жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.
🚮 Бишкекте темир жолдун боюндагы аймактан турмуш-тиричилик жана курулуш таштандылары тазаланды, кургак өсүмдүктөр алынып, тосмолор оңдолуп, орнотулду.
🏢 Имараттардын фасаддары акиташ менен боёлуп, тосмолор жана торлор жаңыртылды, темир жол белгилери жана көрсөткүчтөр жаңыланды.
🤝 Иш-чараларга ишкананын кызматкерлери, ыктыярчылар, “Тазалык” жана “Бишкектеплосеть” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери катышты. Жалпысынан 40тан ашуун машина таштанды чыгарылды.
👮 Милиция менен биргеликте темир жолдордо үй-жайсыз адамдардын жүрүүсүнө жол бербөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
🚆 Бул чаралар поезддердин кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга гана эмес, борбордун санитардык абалын жана сырткы көрүнүшүн жакшыртууга да багытталган.
🔔 Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна санитардык нормаларды сактоо, өз алдынча таштанды таштоого жол бербөө жана темир жолдордо этият болуу өтүнүчү менен кайрылуу жасалды.






