📸 Бишкекте жапон маданиятына арналган “Токио чейин/кийин” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды.
🇯🇵 Көргөзмө Япониянын Кыргызстандагы элчилиги жана Япония фонду тарабынан жыл сайын күзүндө өтүүчү Япония айлыгынын алкагында уюштурулган.
🖼️ Көргөзмөдө Япониянын белгилүү фотосүрөтчүлөрүнүн 80ге жакын эмгектери коюлган, алар Токионун ар кандай доорлорун, анын ичинде 1930-1940-жылдардагы жана 2010-жылдан кийинки заманбап шаарды чагылдырат.
🌏 Көргөзмөнү уюштуруучу Жапон фонду 1972-жылы маданий алмашууну жана эл аралык өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү максатында негизделген.
✨ “Токио чейин/кийин” көргөзмөсү фото призмасы аркылуу Токионун тарыхы жана маданияты менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.