Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Иш-чарага КР Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, шаар мэри, ардагерлер жана тургундар катышты. Ардагерлерге арналып гүлчамбарлар коюлуп, аскердик парад жана концерттик программа уюштурулду.

🎖️ Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

🕊️ Митингге Коргоо министрлигинин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, коомдук ишмерлер жана борбор калаанын тургундары менен коноктору катышты.

🌹 Жеңиш күнү урматына согуш ардагерлерине, тылдын эмгекчилерине жана бардык кыргызстандыктарга куттуктоо сөзү менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кайрылды. Курман болгон жоокерлерди эскерип, Түбөлүк отко гүлчамбарлар коюлуп, салюттык топ үч жолу аткан.

🎖️ Бишкек гарнизонунун аскер кызматкерлери, Кыргыз улуттук аскер лицейинин, Куралдуу күчтөрдүн аскер институтунун, ИИМ академиясынын, УКМК чек ара кызматкерлеринин, Улуттук гвардиянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү салтанаттуу жүрүш өткөрүштү.

🗺️ Аянтта Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы легендарлуу курал-жарак жана аскердик техника көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, талаа ашканалары жана чатырлар орнотулуп, ардагерлерге салттуу аскер кашасы жана кара нан сунушталды.

🎶 Аянтта Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл жамааттары жана шаардык маданият башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан майрамдык концерттик программа көрсөтүлдү.

🚶‍♂️ Салтанаттуу иш-чаралар борбор шаардын түштүк бөлүгүнөн башталып, Түбөлүк отко чейин уланган «Өлбөс полк» аскер-патриоттук акциясы менен улантылды.

🎤 Кечинде Бишкекте «Жеңиш ырлары» аттуу чоң майрамдык концерт өтөт, анда жергиликтүү жана орусиялык эстрада жылдыздары катышат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x