Бишкекте WorldSkills Kyrgyzstan экинчи улуттук чемпионаты башталды

Бишкекте кесиптик билим берүүнүн жана жаштардын жөндөмдөрүн өнүктүрүүнүн маанилүү окуясы болгон экинчи Улуттук WorldSkills Kyrgyzstan чемпионаты башталды. Чемпионаттын жеңүүчүлөрү Тайбэйде өтө турган эл аралык мелдештерде Кыргызстандын атынан чыгышат.

🎓 Бишкекте кесиптик билим берүү жана жаштардын жөндөмдөрүн өнүктүрүү жаатында маанилүү окуя болуп саналган экинчи Улуттук WorldSkills Kyrgyzstan чемпионаты башталды.

👨‍🏫 Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева кесиптик билим берүүнүн өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кесиптик окуу жайлар даярдаган квалификациялуу адистерге суроо-талап жогору экенин айтты.

🏆 Чемпионатка 2025-жылдын 24-мартынан 28-мартына чейин өлкөнүн бардык аймактарында өткөн аймактык тандоо мелдештеринин жеңүүчүлөрү катышууда. Катышуучулар ширетүү технологиялары, мода технологиялары жана ашпозчулук сыяктуу компетенцияларда өз чеберчиликтерин көрсөтүшүүдө.

🌍 Улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү Кыргызстанды Тайбэйде 2025-жылдын 27-29-ноябрында өтө турган расмий WorldSkills чемпионатында эл аралык деңгээлде көрсөтүшөт.

🤝 Чемпионаттын уюштуруучулары жалпы демөөрчү “Айко-Сейко” ЖЧКсына жана чемпионаттын өнөктөштөрү: ESAB компаниясы жана Текстильди өнүктүрүү борборуна Кыргызстандагы кесиптик билим берүүнүн өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x