








🏃♂️ Бишкекте дуатлон боюнча мелдеш өтүп, ага 16 жаштан жогорку курактагы сүйүүчүлөр катышты.
🚴♂️ Катышуучулар 5 чакырым жөө чуркоо, 18,5 чакырым велосипед жарышы жана дагы 2,5 чакырым жөө чуркоодон турган спринтердик аралыкты басып өтүштү.
🏅 Мелдештердин негизги максаттары Кыргызстанда триатлон жана цикликалык спорт түрлөрүн жайылтуу, дени сак жашоо образын үгүттөө жана спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу болду.
🥇 Бардык катышуучулар эстелик медалдарга ээ болушту, ал эми өз курактык категорияларында 1-3 орундарды ээлегендер эстелик символикасы менен сыйланышты. Жеңүүчүлөрдү демөөрчүлөр тарабынан атайын белектер күтүп турду.
👥 Мелдешке сүйүүчүлөр менен катар профессионал спортчулар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде параспортчулар жана начар көргөн катышуучулар да катышты. Жалпы катышуучулардын саны 350гө жакын болду.
🤝 Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргыз Республикасынын триатлон федерациясы менен биргеликте уюштурду.