Бишкекте жасалма карталар аркылуу акча чыгаруучу кеңсе уюштурган чет элдиктер кармалды

Бишкек шаарында кибер алдамчылык менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Шектүүлөр банк карталарын сатып алып, онлайн-казино аркылуу мыйзамсыз акча жүгүртүүнү уюштурушкан.

[adrotate_integration id=”2″]

🔍 Бишкекте кибермошенничилик менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду.

👮‍♂️ ГУВД Бишкек шаарында чет элдик жарандар тарабынан түзүлгөн кеңсе аркылуу чоң өлчөмдөгү акчаны алдамчылык жолдор менен чыгаруу аракеттери аныкталды.

📱 Тергөө учурунда 30га жакын уюлдук телефон, 100 банк картасы, ноутбук, 20 SIM-карта жана кармалган адамдардын атына жазылган бир нече паспорт табылды.

💰 Шектүүлөр онлайн-казино платформасы жана оюнчулар арасында акча операцияларын жүргүзүп, үч ай сайын 1 500 000 сомдон ашык киреше алып турушкан.

🌍 Кармалган адамдар трансулуттук кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү болуп, көптөгөн өлкөлөрдө болушкан. Бирок, коңшу республикаларда алар өз схемаларын ишке ашыра алышкан эмес.

⚖️ Шектүүлөр Д.А. жана К.В. эки айга СИЗО №1де камакка алынды.

📢 ГУВД Бишкек жарандарды банк карталарын, SIM-карталарды жана мобилдик банк колдонмолоруна жеткиликтүүлүктү башка адамдарга бербөөгө чакырат. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-1-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x