Бишкекте жазгы республикалык көргөзмө ачылат

Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде 29-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Көркөм сүрөт көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө 15-майга чейин ачык болот.

🎨 Бишкекте Г. Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде 29-апрелде Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун уюштуруусу менен Жазгы республикалык көргөзмө ачылат.

🖼️ Бул көргөзмө Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган жана совет элинин, анын ичинде фронтто согушкан жана тылда эмгектенген кыргызстандык баатырлардын улуу эрдигинин маанисин кайрадан жандандырууну көздөйт.

🎨 Экспозицияда сүрөт өнөрүнүн бардык түрлөрү: живопись, графика, скульптура, декоративдик-колдонмо искусство чыгармалары сунушталат.

👩‍🎨 Көргөзмөгө Кыргызстандын бардык аймактарынан таанымал чеберлер жана жаш сүрөтчүлөр катышат.

🗓️ Көргөзмө 15-майга чейин зыяратчылар үчүн ачык болот.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x