Бишкекте Жеңиш күнүнө карата айрым автобустардын кыймылы өзгөртүлдү – схема

Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу 7-10-май күндөрү коомдук транспорттун ишинде убактылуу өзгөрүүлөр болот. Автобус маршруттары жабылган көчөлөрдү айланып өтөт.

🇰🇬 Бишкек шаарында Жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу коомдук транспорттун ишине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди.

🚌 2025-жылдын 7-10-май күндөрү борбордун айрым көчөлөрүндө кыймыл чектелгендиктен, бир катар автобус каттамдарынын багыттары өзгөртүлөт.

🚏 №36, №56, №101, №118, №135 автобус каттамдары Ибраимов, Шопоков, Жумабек жана Фрунзе көчөлөрүнөн өтпөйт. Бул каттамдар убактылуу башка жолдор менен жүрөт.

📢 Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Жол тыгындарынан качуу үчүн алдын ала маршрутту пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x