⚡ Бишкекте жогорку чыңалуудагы тармактарда ири масштабдагы оңдоо иштери аяктады.
🔧 Адистер 35/110/220 кВ чыңалуудагы 41 км аба электр чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүштү.
🔍 Учурдагы оңдоо иштеринин алкагында пландагы 552 чакырымдын 529 чакырымы жаңыланды.
🔄 3543 эски жана бузулган изоляторлор алмаштырылды, бул электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн кыйла жогорулатат.
🌳 Термокөзөмөл жүргүзүлүп, жыйынтыгында 8 мүчүлүштүк жоюлуп, 1950 бак кыйылып, кыркылды, бул линиялардын коопсуздугун жакшыртат.
🚧 Жалпысынан 1,9 га трасса тазаланып, конструкцияларды бекемдөө үчүн 1145 кг салмактан ашык бурчтар ширетилди.