🚍 Бишкекте жаңы автобустардагы кырсыктардан кийин коомдук транспорттордогу коопсуздук талкууланууда.
🚦 Шаар мэри Айбек Жунушалиев айдоочулар менен жыйын өткөрүп, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө басым жасады.
⚠️ Ал борбор калаага 1000 жаңы автобус сатылып алынганын, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу биринчи орунда турушу керектигин эске салды.
👮♂️ Жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн, мисалы, каршы тилкеге чыгуу жана чырактын кызыл түсүнө өткөн 30 айдоочу жумуштан четтетилет.
🖥️ Муниципалдык ишканада айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу жана коопсуздукту жогорулатуу үчүн 5 тренажер орнотулду.
📈 Транспорт департаментине айдоочулардын жол эрежесин сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.