📚 Бишкекте билим берүү стандарттары жана эмгек рыногунун талаптарына арналган семинар өттү.
🎓 Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатууга багытталган иш-чарада сөз сүйлөдү.
📝 Семинардын катышуучулары, анын ичинде проректорлор, декандар жана кафедра башчылары мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана билим берүү программаларын иштеп чыгуудагы маанилүү маселелерди талкуулашты.
🔗 Министрдин орун басары билим берүү стандарттарын экономиканын керектөөлөрү менен интеграциялоо билим берүү программаларын заманбап шарттарга ылайыкташтыруунун негизги аспектиси экенин белгиледи.
💡 Семинардын жүрүшүндө өлкөнүн билим берүү системасына заманбап ыкмаларды киргизүүгө көңүл бурулду.
🌍 Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулуп, билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгү баса белгиленет.