🔧 Бишкектин Жукеева-Пудовкина көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоо иштеринен кийин кайра ачылды.
🚧 Бул бөлүктө эскирген магистральдык жылуулук түйүнүнүн 65 метрлик жана диаметри 530 мм болгон бөлүгү пландан тышкары алмаштырылды.
🛠 Жылуулук түйүнү 1985-жылдан бери колдонулуп келген жана анын кызмат мөөнөтү аяктаган.
🚦 Жол кыймылынын бардык чектөөлөрү азыркы учурда алынган.