🚗 Бишкекте эртең менен жол кырсыгы катталды.
👮♂️ Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, саат 09:00 чамасында Ч. Айтматов проспектисинде Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу У.Б.Б. 1999-жылы туулган, жөө жүргүнчү А.А.И. 2007-жылы туулган кызды сүзүп кеткен.
🏥 Жөө жүргүнчү ар кандай жаракат алып, тез жардам ооруканасына жеткирилди.
📝 Окуя Бишкек ШИИБдин АИС ЖУИ системасында катталды жана тергөө иштери башталды.
🚓 Унаа айып короосуна коюлуп, бардык зарыл укуктук экспертизалар дайындалды.
🔍 Тергөө иштери улантылып, экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын УПК нормаларына ылайык чечим кабыл алынат.






