Бишкектеги ар бир паркка тартип жана көрктөндүрүү үчүн жооптуу кызматкерлер дайындалат

Бишкек шаарындагы ар бир паркка жана скверге тазалык, жашылдандыруу жана инфраструктура үчүн жооптуу кызматкерлер дайындалат. Мэр Айбек Джунушалиев парктарды текшерип, иштердин жүрүшүн көзөмөлдөдү.

[adrotate_integration id=”2″]

🌳 Бишкектин бардык парктарында жана скверлеринде тазалык, жашылдандыруу жана инфраструктура үчүн жооптуу адамдар дайындалат.

👷‍♂️ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстан жана Түштүк Кореянын Достук паркынын абалын текшерип, тазалоо жана жакшыртуу иштеринин жүрүшүн карап чыкты.

🌿 Шаардык бийликтин тапшырмасы боюнча Бишкекте парктарды жана скверлерди жашылдандыруу жана жакшыртуу боюнча кеңири иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

🧹 Ар бир жашыл аймакка санитардык абал, таштанды чыгаруу, жашыл өсүмдүктөргө кам көрүү жана инфраструктура үчүн жооптуу кызматкерлер дайындалат.

🔍 Кызматкерлерге жарыктандыруу, видеокөзөмөл камералары жана коомдук ажатканаларды текшерүү боюнча туруктуу түрдө жерлерге чыгып турууга тапшырма берилди. Аныкталган бардык кемчиликтер кыска мөөнөттө жоюлушу керек.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген