🏠 Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды.
🌧️ Бишкек шаарында күз-кыш мезгилинде үй-жайсыз адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Октябрь районундагы А. Токомбаева көчөсүндө (12-микрорайон) 80 адамга ылайыкталган баш калкалоочу жай ачылды.
🍲 Баш калкалоочу жайда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, керектүү жабдуулар жана дары-дармектер сатып алынган. Ошондой эле бир жолку ысык тамак берүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлгөн.
🔥 Жылуулук мезгили үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 тонна көмүр сатып алынган.
🏥 Первомай районунда “Коломто” муниципалдык мекемеси 70 адамга ылайыкталган баш калкалоочу жай катары иштейт. Күн сайын 70-100 адамга тамак жана түнөө кызматтары көрсөтүлөт.
💊 “Коломто” мекемеси медициналык текшерүүлөрдү, анын ичинде флюорография, ВИЧ жана РВ боюнча анализдерди жүргүзөт. Ошондой эле санитардык жардам көрсөтүлөт.
👩👧 Ленин районунда “Милосердие борбору” аялдар менен балдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай болуп саналат. 45 адамга ылайыкталган жайда медициналык жана социалдык-укуктук жардам берилет.
📞 Убактылуу баш калкалоочу жайларга кайрылуу үчүн, үй-жайсыз адамдар өз алдынча же милиция жана тез жардам кызматкерлеринин жардамы менен барыша алышат. Эгер жардамга муктаж адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция) же 103 (тез жардам) номерлерине чалыңыз.










