Бишкектеги ботаникалык бак реконструкцияланат – эскиздер

Бишкекте Ботаникалык бакты реконструкциялоо башталды. Айлана-тегереги иретке келтирилип, жарыктандыруу жана жөө жүрүү жолдору жаңыланат. Бул жер илимий-изилдөө мекемеси болуп саналат.

🌿 Бишкекте президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ботаникалык бакты реконструкциялоо башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

🔦 Ботаникалык бактын айланасындагы тосмолор алынып, жарыктандыруу системалары орнотулат. Жолдор жаңыртылып, шаар тургундары жана коноктору үчүн коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлөт.

🌳 Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бак 1938-жылы негизделип, Кыргызстандын флорасын изилдөө жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн өсүмдүктөрдү киргизүү аркылуу байытуу максатында иш алып барат.

🌺 Ботаникалык бак Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын системасындагы илимий-изилдөө институту болуп саналат жана бул бак дүйнөлүк жана Кыргызстандын табигый флорасынын генетикалык ресурстарын сактоо жана байытуу боюнча алдыңкы илимий мекеме.

🌱 Бактын коллекциясында 6500гө жакын жогорку өсүмдүктөрдүн таксондору бар. Бул коллекциялар мамлекеттик системанын бир бөлүгү болуп, өсүмдүк ресурстарын сактоо жана туруктуу пайдалануу үчүн маанилүү.

🏞️ Ботаникалык бак Бишкектин жашыл аймактарынын 90%дан ашыгын камсыз кылат жана Кыргызстандын башка шаарлары менен айылдарында да маанилүү роль ойнойт.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x