🔥 Бишкекте Лермонтов көчөсүндө жайгашкан кампада чыккан өрт локализацияланды.
🚒 Өрт тууралуу билдирүү саат 14:24тө келип түшкөн жана аны өчүрүү үчүн үч өрт өчүрүү тобу жана оперативдүү штаб тартылган.
📏 Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт.
🕒 Саат 15:19га карата өрт локализацияланып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
🔍 Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.