🌳 Бишкекте Индия элчилиги менен биргеликте уюштурулган көчөт отургузуу акциясы өттү.
🌱 20-сентябрда Молодежный паркында өткөн иш-чарага вице-мэр Виктория Мозгачева катышты.
🌍 Акция Кыргызстандын шаарларын жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө багытталган “Жашыл Мурас” улуттук программасынын бир бөлүгү.
💚 Бак-дарактарды отургузуу иш-чаралары жыл сайын өткөрүлөт, бул экологиялык абалды жакшыртууга жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө жардам берет.
🌿 Бак-дарак отургузуу кампаниясын Индиянын премьер-министри Шри Нарендра Моди да Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн алкагында баштаган.