🚨 Бишкекте соода борборунда баш аламандык уюштурган мыйзам бузуучулар кармалды.
👮♂️ 2024-жылдын 18-19-октябрында шаардагы соода борборлорунун биринде азиат улутундагы адамдар коомдук тартипти бузуп, коопсуздук талаптарына баш ийбей “Бойкот” деген плакаттар менен митинг өткөрүшкөн.
📹 Жарандар өз аракеттерин видеого тартып, социалдык тармактарга жайгаштырып, укук коргоо органдарынын көңүлүн бурган.
📜 Окуяга байланыштуу Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
🔍 Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү 4 адам аныкталып, кармалган, анын ичинде 18 жаштан 29 жашка чейинки жаштар.
⚖️ Кармалгандар андан аркы иш жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери уланууда.