🚍 OTG саммитине байланыштуу Бишкекте троллейбус кыймылы убактылуу токтотулду.
🛠️ Шаар мэриясы мындай иш-чаралар учурунда троллейбустар көп учурда тыгындарды жараткандыктан, убактылуу токтотуу делегациялардын коопсуз жүрүүсүн камсыздоо менен байланыштуу деп түшүндүрдү.
⚡ Учурда Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган эки троллейбустук автобаза капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, электр заряддоочу түзүлүштөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, бул дагы троллейбустардын иштөөсүнө таасирин тийгизүүдө.
🚌 Бишкекте троллейбустардын ордуна эл аралык стандартка жооп берген заманбап электробустар ишке киргизилет.
🚍 Шаарда 56 каттамда 1200дөн ашык автобус иштейт, бул аларга орточо кыймыл аралыгын 10 мүнөттүк кармоого мүмкүндүк берет.
📈 Мэрия жүргүнчүлөрдү ташуу системасын жакшыртуу жана жаңы автобус линияларын ишке киргизүү боюнча жигердүү иш алып барууда.