Бишкектеги жайлуу күз: күн ачык жана жылуу болушу күтүлүүдө

Бишкекте 10-16-октябрь аралыгында негизинен күн ачык жана жылуу аба ырайы күтүлөт. Жаан-чачын болбойт, күндүзгү температура +18ден +26°Cге чейин жетет.

🌞 Бишкекте алдыдагы күндөрү негизинен ачык жана жылуу аба ырайы күтүлүүдө.

🌡️ 10-октябрда түнкүсүн температура +5…+7°C, күндүз +18…+20°C чейин жетет, жаан-чачын күтүлбөйт.

🌤️ 11-октябрда түнкүсүн +6…+8°C, күндүз +21…+23°C, күн ачык болот.

☀️ 12-октябрда түнкүсүн +8…+10°C, күндүз аба +24…+26°C чейин жылыйт, бул жуманын эң жылуу күнү деп күтүлүүдө.

🌥️ 13-октябрда түнкүсүн +9…+11°C, күндүз +22…+24°C, кээде булут каптайт.

⛅ 14-октябрда түнкүсүн +9…+11°C, күндүз +20…+22°C, булуттар менен ачык аба ырайы алмашат.

🌞 15-октябрда түнкүсүн +7…+9°C, күндүз +18…+20°C, негизинен ачык аба ырайы күтүлөт.

🌤️ 16-октябрда түнкүсүн +7…+9°C, күндүз +20…+22°C, күн ачык болот.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген