«Бишкектеплоэнерго» ишканасында алгачкы жолу газ казандары чыгарылууда.

2025-жылы Бишкектеплоэнерго газдык казандарды чыгара баштады. Бул кадам абанын булганышын азайтып, экологияны жакшыртууга багытталган. Жаңы казандар шаардык объекттерди натыйжалуу жылытуу менен зыяндуу заттардын чыгышын кыскартат.

[adrotate_integration id=”2″]

🌱 Бишкек шаарында экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү максатында 2025-жылы “Бишкектеплоэнерго” муниципалдык ишканасы биринчи жолу газ казандарын чыгара баштады.

🔧 Буга чейин ишканада көмүр казандары гана чыгарылса, эми 1 МВт, 3 МВт жана 5 МВт кубаттуулуктагы 11 газ казандары чогултулуп жатат. Бул казандар 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгилинин башталышына чейин даяр болот.

🏥 Жаңы газ казандары шаардык казандар жана мекемелерге орнотулат, анын ичинде: Джал-29, КЭЧ-1 жана КЭЧ-2, 10-микрорайон, шаардык оорукана №4, Красный строитель көчөсү, аскер бөлүгү №705, орто мектеп №46 жана мектеп-интернат №1.

🌍 Газ казандарын ишке киргизүү атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтып, социалдык инфраструктура объекттерин натыйжалуу жылуулук менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген