«Бишкектеплосеть» ишканасына заманбап атайын техника тапшырылды

Бишкек шаарынын мэриясында «Бишкектеплосеть» муниципалдык ишканасына 27 машина жана 33 атайын техника тапшырылды. Бул долбоор шаардагы жылуулук системасын жакшыртуу максатында ишке ашырылып жатат.

[adrotate_integration id=”2″]

🏗️ Бишкек шаарынын мэриясында «Бишкектеплосеть» муниципалдык ишканасына атайын техника тапшыруу аземи болуп өттү.

🚜 Ишканага 27 машина жана 33 атайын техника, анын ичинде манипуляторлор, экскаваторлор, асфальт кесүүчү жана бетон аралаштыргыч жабдуулар, мобилдик генераторлор жана башка жабдуулар берилди.

🔧 Бул иш-чара шаардагы жылуулук берүү системасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында өттү.

🌍 Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган жана жалпы наркы 37,9 миллион АКШ долларын түзөт, анын 8 миллиону грант түрүндө берилген.

🏢 Долбоордун алкагында магистралдык түтүктөр реконструкцияланып, 221 индивидуалдык жылуулук пункту орнотулду, 1825 метр жылуулук тармактары оңдолуп, модернизацияланды жана 2210 дарекке жылуулук эсептегичтер орнотулду.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген