









🎭 Бишкекте Открытые Дельфийские оюндар – 2025тин алкагында парадельфий категориясында «Хореографиялык искусство» номинациясында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү.
🤝 Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева инклюзивдик чыгармачылыкты колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
🕺 Бул иш-чаранын өзгөчө атмосферасын кулактын кемтиги бар балдардын катышуусу жаратты. Алардын бий өнөрү аркылуу өзүн көрсөтүүгө болгон духу жана умтулуусу көрүүчүлөрдүн чын жүрөктөн кол чабууларын жана суктануу сезимин жаратты.
🥉 Жюринин чечими боюнча, үчүнчү орунду «Шабыт» тобу (Шымкент, Казакстан) ээледи.
🥈 Экинчи орунду Кызылорда шаарынан келген топ (Казакстан) алды.
🥇 Биринчи орунду Бишкектеги Kids stars тобу жеңип алды.
🏆 Жеңүүчүлөр медалдар, катышуу сертификаттары менен сыйланышты жана иш-чаранын катышуучулары жана коноктору үчүн атайын даярдалган майрамдык концертке катышты.
🌟 Открытые Дельфийские оюндар дагы бир жолу таланттуу жаштарды колдоо, инклюзивдик искусствону өнүктүрүү жана маданият дүйнөсүндө жаңы ысымдарды ачуу миссиясын тастыктады.