


🚧 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Свердлов районуна шаардык кызматтар менен биргеликте иш сапары менен барды.
🛣️ Широкая көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Жумуштар бүткөндөн кийин 9 метрлик жаңы жол, жолдун эки тарабында тротуар, ирригация системасы жана токтоочу жайлар болот.
🔍 Мэр сапар учурунда тоскоолдук жараткан объектилер менен ишти күчөтүүнү тапшырды жана тротуарлардын сапатына жана кеңдигине өзгөчө көңүл бурууну белгиледи.