Бишкектин бир районунда 62 жарнамалык конструкция алынды

Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган 62 жарнамалык конструкция алынып салынды. Бул үчүн 19 административдик протокол түзүлүп, 71 миң сом айып салынды.

🛠️ Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкциялар алынды.

📍 Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жана “Бишкекглавархитектура” мекемеси биргеликте шаардагы мыйзамсыз орнотулган 62 жарнамалык металл конструкцияларды демонтаж кылышты.

📜 Бул чара Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында ишке ашырылды.

💼 Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 19 административдик протокол түзүлүп, алардын негизинде 71 миң сомдук айып салынды.

📊 Бул кадам шаарда мыйзамдуулукту сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x