🧵 Бишкекте оттуу тигүү продукциясынын ярмаркасы өтүүдө.
🛍️ Шаардын Эски аянтында 7-9-ноябрь күндөрү кыргызстандык тигүүчүлөрдүн продукциялары сунушталууда.
🏭 Ярмарка Кыргызстандын тигүүчүлөр ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, «Кыргыз Экспорт» борборунун жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен өтүүдө.
👗 Иш-чарага катышкан жарандар жана коноктор жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн товарларын түздөн-түз сатып алып, колдоо көрсөтө алышат.
📈 Ярмарканын максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, кыргыз тигүү продукциясын ички жана тышкы рынокто илгерилетүү, ошондой эле тармактын катышуучуларынын ортосунда бизнес байланыштарды бекемдөө.
🤝 Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын алдыңкы өкүлдөрү кеңири ассортименттеги сапаттуу кийимдерди жана текстиль продукцияларын көрсөтүүдө.














