Бишкектин четинде биринчи калкып жүрүүчү күн электр станциясы ийгиликтүү иштеп жатат.

Кыргызстандагы биринчи жана Борбордук Азиядагы алгачкы мисалдардын бири болгон суунун үстүндөгү күн электр станциясы 2024-жылы ишке киргизилип, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 75 миң кВт·саат электр энергиясын өндүрдү.

[adrotate_integration id=”2″]

🔆 Кыргызстандагы биринчи сүзүүчү күн электр станциясы өз ишин ийгиликтүү улантууда.

⚡️ 2024-жылдын июнь айында пайдаланууга берилген бул пилоттук долбоор өлкө шартында күн энергетикасынын натыйжалуулугун жана туруктуулугун тастыктады.

🌞 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында станция 75 миң кВт·саат электр энергиясын өндүрүп, пландалган көрсөткүчтөн 5,6% ашыкча иштеп чыкты.

🌊 Сүзүүчү күн электр станциясынын негизги артыкчылыктары: жер ресурстарын үнөмдөө, суу сактагычтын бетинен суунун бууланышына жол бербөө жана иштеп жаткан гидроэлектростанциялар менен интеграциялануу мүмкүнчүлүгү.

🌿 Бул долбоор Азиаттык өнүктүрүү банкынын техникалык колдоосу менен ишке ашып, өлкөнүн экологиялык аброюн жакшыртат.

🌍 Кыргызстандагы гана эмес, Борбордук Азиядагы алгачкы мисалдардын бири болуп саналат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген