Бишкектин четинде мыйзамсыз агындыларды төгүү фактысы аныкталды.

Бишкек шаарында айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн санитардык-экологиялык нормаларды көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн текшерүүдө, KFC ресторанынын септиги ашып кеткендиктен, айлана-чөйрөгө таштандылар төгүлгөнү аныкталды.

🌍 Бишкек шаарында айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз саркынды сууларды төгүү фактысын аныкташты.

🚨 KFC тез тамактануучу ресторанынын септиги өз убагында тазаланбагандыктан, саркынды суулар резервуардан чыгып, айланасындагы жерлерге жайылган.

💰 Мыйзам бузуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 237-беренесине ылайык протокол түзүлүп, мекемеге 65 000 сом административдик айып салынды.

🛠 Экологиялык инспекторлордун көзөмөлү астында септик тазаланып, мыйзам бузуунун кесепеттери жоюлду.

🔍 Мекеме айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнү алдын алуу жана санитардык-экологиялык нормаларды сактоону күчөтүү максатында мындай текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x