🚧 Боом капчыгайындагы Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 131-132-чакырымында 20-31-октябрь күндөрү кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
🕘 Иштер күндүзгү убакта, саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
🚦 Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында автожолдун бир бөлүгү убактылуу жабылат.
🚗 Транспорт каражаттарынын кыймылы бир тилке боюнча жүргүзүлөт, ал эми 30-40тан ашык автоунаа топтолгон учурда, таштарды түшүрүү убактылуу токтотулат.
🔒 Бул иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана мүмкүн болгон кооптуу факторлордун алдын алууга багытталган.
🙏 “Кыргыз темир жолу” айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга жана сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.










