Борбор калаадагы шайлоо участокторун текшерүү

Бишкекте 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар уланууда. Биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоков шайлоо участкалары менен таанышып, материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу, тазалыкты камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди. Участкалык комиссиялар жайгашкан бала бакчалар менен мектептерде санитардык тазалык максатында 16-18-ноябрда сабактар онлайн режиминде өткөрүлөт.

🗳️ Бишкек шаарында 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого кызуу даярдыктар көрүлүүдө.

🏢 Биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоков райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте шаардын ар кайсы аймактарындагы шайлоо участкаларын текшерди.

🔍 Текшерүүнүн жүрүшүндө Ч.Айтматов проспектиси, 27, Жал кичи району, 45, 50 Лет Победы көчөсү, 39а жана 12-кичи район, 23/1 даректеринде жайгашкан аймактар текшерилди.

🛠️ Текшерүүнүн жыйынтыгы менен участкалык шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүү жана алардын айланасында тартипти камсыз кылуу боюнча тапшырма берилди.

📅 Шайлоого даярдыкка байланыштуу 16 жана 18-ноябрь күндөрү шайлоо участкалары жайгашкан бала бакчаларда жана мектептерде санитардык тазалоо боюнча сабактар онлайн режиминде өткөрүлөт.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x