







🎯 Бишкекте ОСТО КР республикандык спорттук-атуу клубунда мектеп окуучулары арасында биринчи жолу ТОЗ-8 чакан калибрдүү мылтыктан атуу боюнча спартакиада болуп өттү.
🏆 Райондук турлардын жеңүүчүлөрү шаардык этапка катышты. Спартакиаданын ачылышында билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, полковник Совет Арбаев жана башка сыйлуу коноктор сөз сүйлөштү.
🥇 Финалдык этапта 28 катышуучудан биринчи орунду №14 мектептин окуучусу Райымбеков Элдар, экинчи орунду №80 мектептин окуучусу Кадыржанов Нурэл, ал эми үчүнчү орунду №7 мектептин окуучусу Акылбекова Асема ээледи.
🎁 Жеңүүчүлөр диплом, эстелик медаль, кубок, китеп дүкөнүнө сертификат, фирмалык рюкзак жана кепка, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Биринчи орун үчүн 20 миң сом, экинчи орун үчүн 15 миң сом, үчүнчү орун үчүн 10 миң сом берилди.
🤝 Иш-чаранын байге фонду демөөрчүлөр тарабынан камсыздалды.