🗳️ Кыргызстанда 17-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү үчүн жаңы жабдуулар колдонулат.
🔍 Шайлоо учурунда адамдын жүзүн жана манжа изин тааный турган, ошондой эле ар кандай үлгүдөгү, анын ичинде электрондук паспорттордогу маалыматтарды окуй турган айкалыштырылган идентификациялык аппарат ишке киргизилет.
📊 Бул жаңы жабдуулар ресурстарды эффективдүү колдонууга, бюллетендерди басып чыгарууга жана жеткирүүгө кеткен чыгымды азайтууга мүмкүндүк берет.
🎥 Бардык шайлоо участкалары видеокөзөмөл камералары менен жабдылып, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун арттырып, шайлоочулардын добуш берүүгө байкоо жүргүзүүсүнө шарт түзүлөт.
💡 Бул өзгөртүүлөр шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жана бүтүндүгүн жакшыртууга, ошондой эле жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
📅 Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен шайлоону электрондук башкарууну модернизациялоо жана Борбордук шайлоо комиссиясынын сервердик жабдууларын жаңылоо.