Будапештте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин бешинчи жыйыны өттү.

Будапештте өткөн кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин жыйынында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, инвестициялык өнөктөштүктү бекемдөө маселелери каралды.

🇰🇬 Будапешт шаарында 17-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин бешинчи жыйынын өткөрүштү. Бул жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-венгер кызматташтыгын тереңдетүү маселелерин карап чыгышты.

🤝 Эки тарап саясий диалогдун жогорку деңгээлде активдүү мүнөздө жүрүп жатканын канааттануу менен белгилешти. Ошондой эле, өз ара кызыкчылык туудурган визиттерди жана эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

🗳️ Министр Кулубаев 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоолоруна даярдык көрүү тууралуу маалымат берип, жалпы улуттук добуш берүүдө жаңы санариптик технологияларды колдонууга көңүл бурду. Ал венгер тарапты шайлоолорго эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.

📈 Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү максатында биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын жана бизнес кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүү чечими кабыл алынды. Энергетика, транспорт, айыл чарба, технологиялар, экология жана билим берүү тармагындагы кызматташууну чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

🎓 Маданий-гуманитардык маселелерге, анын ичинде билим берүү тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап венгер тарапка “Stipendium Hungaricum” программасы боюнча кыргыз студенттерине жыл сайын квота берүү үчүн ыраазычылык билдирди.

🎉 Кулубаев өлкөдө өтө турган ири иш-чаралар, анын ичинде 2026-жылы алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, 2027-жылы экинчи Глобалдык тоо саммити “Бишкек+25” жана 2028-жылы белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси тууралуу айтып, венгер тарапты бул иш-чараларга катышууга чакырды.

🌍 Министрлер эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашып, эл аралык уюмдар жана регионалдык түзүмдөр, анын ичинде БУУ, ОБСЕ, ОТГ, ЕС жана башкалар менен кызматташууну талкуулашты.

📝 Стратегиялык кеңештин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2026–2028-жылдарга эки тараптуу кызматташтык боюнча протокол жана жол картасы кол коюлду.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x