

[adrotate_integration id=”2″]🎓 “Кумтор голд компани” жыл сайын жогорку окуу жайларынын студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн стажировкага жана өндүрүштүк практикага кабыл алат. Быйыл жайкы практика жана стажировка программаларына 88 студент жана бүтүрүүчү кабыл алынды.
📚 Үч айлык өндүрүштүк практика жана эки жылдык стажировка программалары студенттерге жана жаш адистерге тоо-кен өнөр жайынын ар кайсы тармактарында терең билим алууга, кесиптик тажрыйба топтоого жана алдыңкы технологиялар менен таанышууга эң жакшы шарттарды түзөт.
👩💼 Эки жылдык стажировка программасын ийгиликтүү аяктап, өзгөчө жөндөмдөрүн көрсөткөн жаштар “Кумтор голд компани” компаниясында иш ордуна арыз берүү укугуна ээ болушат.
🌟 Компаниянын бул демилгеси Кыргызстандагы жаштарды иш менен камсыз кылууга жана квалификациялуу кадрларды даярдоого олуттуу салым кошот.






