Быйыл Баткен окуяларына 25 жыл толот.

Бишкек, 25.10.25 /Кабар/. Баткен окуяларынын 25 жылдыгына арналган иш-чарада 54 баатыр жоокер эскерилип, катышуучуларга ыраазычылык айтылды. Концерт менен жыйынтыкталды.

[adrotate_integration id=”2″]

🕊️ Баткен окуяларынын 1999–2000-жылдарындагы эскерүү күнү белгиленди.

🎖️ Генералдык штабтын маалыматы боюнча, бул иш-чара Баткен баатырларынын эстелигине гүлчамбар коюу менен башталып, Ш. Термечиков атындагы драма жана сатира театрында уланды.

👥 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги жана Коргоо министринин биринчи орун басары Тариэль Отонбаев, Баткен окуяларына катышкандар, Коргоо министрлигинин жана Генералдык штабдын аскер кызматкерлери катышты.

🗣️ Отонбаев өз сөзүндө Баткен жана Чоң-Алай аймактарында террористтик топторду жок кылуу операциясынын аяктаганына быйыл 25 жыл толгонун белгилеп, кыргыз аскерлери ошол күрөштө кайраттуулук жана мекенге берилгендик көрсөтүшкөнүн айтты.

🙏 Баткен окуяларына катышкан жана алардын үй-бүлөлөрүнө ыраазычылык билдирилип, ардак грамоталар тапшырылып, каза болгон аскерлердин жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү.

🎶 Иш-чара Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл коллективинин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген