Бишкек шаарында 1-октябрдан тарта саат 09.00дөн 02.00гө чейин бир катар аймактарда, анын ичинде Красный строитель, Алтын бешик конуштарында таза суу өчүрүлөт. Буга Северный суу алгычтагы оңдоо иштери себеп болууда. Тургундарга ичүүчү сууну камдап алуу сунушталат.
Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан коргоо жана интеграциялоону жакшыртуу максатында түзүлгөн майыптар кеңеши өттү. Катышуучулар кыймыл мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жабдылган президенттик администрациянын жаңы имаратын жогору баалашты. Министрлер Кабинетинин Председателинин орун басары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Кыргызстандын мындай адамдардын укуктарын камсыздоодогу жылышына токтолсо, эмгек министри инклюзивдүү чараларга токтолду.
Бишкекте Орусиянын элчиси Сергей Вакунов кыргызстандык төрт куруучуга “Байкал-Амур магистралына 50 жыл” медалдарын тапшырып, алардын бул маанилүү темир жол магистралынын курулушуна кошкон салымын белгиледи. Куруучулар кеп улуттуу совет элинин достугун жана эмгектик эрдиктерин баса белгилешип, ездерунун ангемелерин айтышты.
КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусунун үч мектебине окуучулардын окуу шарттарын жакшыртуучу компьютердик жабдуулардын сертификаттарын тапшырды.
Кыргызстанда балдар үйүндөгү балдарды энеси алып кете албаса, төрөлгөндөн кийин дароо багып алууга берүү тажрыйбасын өзгөртүү сунушталды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баланын кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керектигин баса белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлөлөрдү өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да издөөнү сунуштайт.
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине чейин филиалдарды текшерүү боюнча комиссияларды түздү. Комиссиялардын курамына энергетика объектилеринин кышкы шарттарга даярдыгын, анын ичинде оңдоо иштеринин аткарылышын жана мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды баалоочу түрдүү министрликтердин өкүлдөрү кирет. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен филиалдарга даярдыгы тууралуу сертификаттар берилет.
Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дараметин ачуу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгына басым жасашат. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык саясаттын маанилүүлүгүн, мындай жарандарга түрдүү тармактарда, анын ичинде кол өнөрчүлүктө колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана үй-бүлөгө окшош шарттарды түзүү үчүн социалдык мекемелердин жаңы программасын иштеп чыгууну сунуштады.
Бишкекте майыптар кеңеши өтүп, анда бул категориядагы жарандардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланууда. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргызстандагы инвалиддердин жашоо шартын жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Сокулук районундагы «Эдельвейс» балдардын ден соолукту чыңдоо лагери бир нече жолу менчиктештирилип, мамлекеттин менчигине кайтарылган. Аянты 5,20 гектарды түзгөн лагерь 320 миллион сомго бааланган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
Бишкекте Мендельсондун үйлөнүү үлпөт маршынын үндөрүнүн астында үйлөнүү үлпөт сарайында 14 түгөй юбилейлик үлпөт тоюн өткөрүштү. Майрам Эл аралык карылар күнүнө арналып, бий ансамблдери жана Эл артисти Бакыт Ыбыкеевдин өнөрлөрү менен коштолду. Райондун акиминин орун басары күн баатырларын куттуктап, ден соолук жана бакыт каалады.