Таиландда 24-октябрда дүйнөдөн кайткан каныша-эненин урматына арналган аза күтүү учурунда туристтер үчүн катуу чектөөлөр жок, бирок аларды сылык-сыпаа кийинип, тай элинин сезимдерине урмат көрсөтүүгө чакырышат. Баардык туристтик жайлар кадимки режимде иштейт, бирок Улуу королдук сарай жана Изумруд Будда храмы 26-октябрдан 8-ноябрга чейин жабык болот. Лой Кратхонг майрамы адаттагыдай өтөт, бирок тынчыраак форматта. Туристтерге жаркыраган кийимдерден, ызы-чуу кечелерден жана интернеттеги орунсуз комментарийлерден алыс болуу сунушталат. Тайландда монархияны кемсинтүү кылмыш болуп эсептелет жана 3 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Аза күтүү 25-ноябрга чейин созулат, ал эми мамлекеттик кызматкерлер бир жыл бою аза күтүү түстөрүндөгү кийимдерди кийишет.