
Дохага болгон авиасокку: Кыргызстандын жарандары жабыркаган жок
Кыргызстандын Катардагы элчилиги 9-сентябрда Дохага жасалган аба соккусунан кыргызстандыктар жабыркабаганын билдирди. Президент Садыр Жапаров бул аракетти эл аралык укукка каршы келет деп айыптады.








