
Кыргызстандыктар Бангкоктогу тай боксунун дүйнө чемпионатында медалдарды жеңип алышты
Бангкокто өткөн тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар 12 медаль утушту. Жаштар арасында өткөн мелдеште команда 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алды. Алтын медалдарды Вероника Ахматова, Диана Зайнитдинова, Нурдоолот Борубеков, Роберт Пак, Богдан Прошин жана Элдар Ешбаев ээледи.








