
AFC Challenge League: «Мурас Юнайтед» эртең Тажикстан менен ойнойт.
Бишкекте AFC Challenge League 2025-2026 сезондун топтук баскычы башталат. Кыргызстанды «Мурас Юнайтед» жана «Абдыш-Ата» клубдары коргойт. Матчтар 25-октябрда өтөт.

Бишкекте AFC Challenge League 2025-2026 сезондун топтук баскычы башталат. Кыргызстанды «Мурас Юнайтед» жана «Абдыш-Ата» клубдары коргойт. Матчтар 25-октябрда өтөт.

Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Сербияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алды. Ал 72 кг салмак категориясында күрөшүп, финалда америкалык Джасмин Долорес Робинсонду 11:10 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.

Нарын шаарында заманбап спорт комплекси ачылды. Бул демилге жаштарды ден соолукка кам көрүүгө үндөп, келечектеги чемпиондорду даярдоого өбөлгө түзөт.

Бишкекте 19-октябрда өткөн Kyrgyz Drift Cup 2025 чемпионатынын финалында Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген мыкты дрифт-пилоттор күч сынашты. Жеке эсепте Илья Чернов жеңишке жетти.

Баетов айылында жаңы спорт комплекси курулат. 9,2 гектар аянтта стадион, спорт комплекс, балдар аянтчасы жана эс алуу зоналары орун алат. Бюджеттен 147 млн сом бөлүндү, курулуш 2026-жылы аяктайт.

Кыргызстандык спортчулар III Азия жаштар оюндарына катышып, Бахрейнде өткөн мелдеште байгелүү орундарды ээлеп, Бишкекке кайтып келишти. Саниет Талайбекова кураш боюнча күмүш медаль, Темир Бикбоев пенчак силат боюнча күмүш медаль утту. Спортчуларды "Манас" аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты.

Кыргызстандык спортчулар Бахрейндеги III Азия жаштар оюндарына катышып, күмүш медалдарды жеңип алышты. Саниет Талайбекова курашта, Темир Бикбоев пенчак силатта ийгиликке жетишти. Спортчуларды "Манас" аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты.

Кыргызстанда 10-16-ноябрда Тенгри-Тоо тоолорунда биринчи жолу дүйнөлүк тоо-туризм кубогу өтөт. Бул иш-чарада альпинизм жана скалолазание боюнча чеберчиликтерин көрсөтүү үчүн 50дөн ашык спортчу катышат.

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Манама шаарында өткөн III Жаштар Азия оюндарында командаларды тосуп алуу жана желек көтөрүү аземине катышты.

Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Кыргыз футбол союзунун биринчи вице-президенти Нурдин Букуев "ОшМУ" футбол клубуна Foton автобусун тапшырды. Бул демилге клубдарды колдоого жана мотивациялоого багытталган.