Категория Знаменитости

Баян Алагузова үчүнчү ирет эне болду

Баян Алагузова Instagramдагы постунда казакстандыктарды таң калтырган кубанычтуу жаңылыгын жарыялады. Ал үчүнчү ирет эне болду. "Биз сени узак күткөнбүз. Биздин үч килограмм бактылуулук! Биздин кыз төрөлдү! Алагузова... Турсынгалиевна!!!" - деп жазды ал. Комментарийлер көп, адамдар "суррогат энеден төрөлдүбү?", "мындай жаңылык", "бауы берик болсун" деп жазышты. Кыздын аты азырынча белгисиз. Баян мурдагы никесинен эки кыздын энеси.