📊 Чүй облусунда 31 миң “акылдуу” эсептегичтер орнотулду. Бул эсептегичтердин максаты – электр энергиясын бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, көзөмөлдөө жана эсепке алуу.
🔌 Жыл башынан бери энергетиктер Чүй облусунун 5 районунда 31 миң “акылдуу” эсептегич орнотушту. Алардын ичинде Аламүдүн районунда – 7 282, Ысык-Ата районунда – 5 136, Чүй районунда – 6 360, Сокулук районунда – 6 907 жана Москва районунда – 5 315 эсептегич орнотулду.
📈 2025-жылы облус боюнча жалпы 114 миң эсептегич орнотуу пландалууда. Жыл аягына чейин калган эсептегичтер да орнотулат.