Чүй облусунда аймактын өнүгүшүнө салым кошкон жарандар сыйланды

Бүгүн Чүй облусунда аймактын өнүгүшүнө чоң салым кошкон жарандарды сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага облус башчысы Канат Жумагазиев, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ишкерлер, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

🎉 Чүй облусунда аймактын өнүгүшүнө чоң салым кошкон жарандар сыйланды.

🏅 Чүй облусунда өткөн салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

🌟 Облустун башчысы алардын эмгеги жана ишке берилгендиги экономиканын өнүгүшүнө, мамлекеттик башкаруунун өркүндөтүлүшүнө, социалдык чөйрөнүн бекемделишине, ошондой эле маданият жана спорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

🏆 Канат Жумагазиев аймактын ийгиликтери анын тургундарынын кесипкөйлүгү жана өз ишине берилгендиги менен тыгыз байланыштуу экенин баса белгиледи.

📜 Иш-чаранын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ишкерлерге, өнөр жай жана агрардык сектордун өкүлдөрүнө, маданият жана спорт ишмерлерине ардак грамоталар, ыраазычылык каттары жана «Кеменгер» төш белгилери тапшырылды.

🎶 Салтанат чыгармачыл жамааттардын катышуусундагы майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x