🌾 Чүй районунда 2026-жылкы түшүмгө даярдык көрүү боюнча күзгү талаа иштери кызуу жүрүп жатат.
🌱 Сельскохозяйственный кооператив «Мичурин» канадалык «джерси» сортундагы буудайды 50 гектар аянтка себүүдө. Бул сорт жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаты менен айырмаланат.
❄️ «Джерси» сорту суукка жана ар кандай климаттык шарттарга туруктуу, тез бышып жетилүүчү жана сапаттуу данга ээ. Бул фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө жана жергиликтүү данды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
🚜 Бул иш-чаралар Чүй районунун агрардык секторунун өнүгүшүнө чоң салым кошуп, азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, өлкөнүн дан азыктарына болгон ички муктаждыктарын камсыздоого жардам берет.






